Кудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайыБишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды
Ошто көчөдө аялын сабаган 23 жаштагы жаран 3 суткага камалды
14.05.2024 | 11:45
Ош шаарында 10-майдан 11-майга караган түнү көчөдө аялын сабаган 23 жаштагы жаран 3 айга камалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Ош облустук сотунан билдиришти.
Шаардык сот кечээ анын ишин карап, Укук бузуулар кодексинин 70-беренеси боюнча (Үй-бүлөлүк зомбулук) күнөөлүү деп таап, сот залынан камакка алды.
Бул окуя боюнча видео интернетте тарагандан кийин милиция зомбулук жасаган жаранды тапкан. Аялы күйөөсүнө каршы арыз жазуудан баш тартып, анын сабалганы боюнча видеону таркаткан жарандарга каршы чара көрүү талабы менен милицияга арыз жазды.
Белгилей кетсек,үй-бүлөлүк зомбулук жасаган жаран 40 саатка коомдук иштерге тартылат, же болбосо үчтөн жети суткага чейин камакка алынат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом