Министрлер кабинетинин төрагасы Кырчында «Көчмөндөр ааламы» этношаарчасын ачтыОш менен Лахор шаарлары туугандык байланыштарды орнотуу боюнча меморандум түзүштүОбъективде — илбирс менен аюу: Нарында Кызыл китепке кирген жаныбарлар эсепке алынуудаУлуттук банк компаниялар жана жеке ишкерлер аркылуу накталай акча алууну көзөмөлдөөнү катаалдаштырууну сунуштадыКыргызстан менен Пакистан кызматташуу боюнча 15 документке кол коюштуМаматалиев: Беш жылда 700дөн ашык билим берүү объектиси курулуп, оңдолду
Ошто көчөдө аялын сабаган 23 жаштагы жаран 3 суткага камалды
14.05.2024 | 11:45
Ош шаарында 10-майдан 11-майга караган түнү көчөдө аялын сабаган 23 жаштагы жаран 3 айга камалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Ош облустук сотунан билдиришти.
Шаардык сот кечээ анын ишин карап, Укук бузуулар кодексинин 70-беренеси боюнча (Үй-бүлөлүк зомбулук) күнөөлүү деп таап, сот залынан камакка алды.
Бул окуя боюнча видео интернетте тарагандан кийин милиция зомбулук жасаган жаранды тапкан. Аялы күйөөсүнө каршы арыз жазуудан баш тартып, анын сабалганы боюнча видеону таркаткан жарандарга каршы чара көрүү талабы менен милицияга арыз жазды.
Белгилей кетсек,үй-бүлөлүк зомбулук жасаган жаран 40 саатка коомдук иштерге тартылат, же болбосо үчтөн жети суткага чейин камакка алынат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом