Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
Ошто Кыргызстанда жашаган элдердин фестивалы өттү
02.12.2022 | 09:05
Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин базасында Кыргызстанда жашаган элдердин фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Фестивалга Ош шаарынын мэриясынын, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын өкүлдөрү, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын жана колледждердин, музыкалык жана көркөм окуу жайлардын эмгек жамааттары катышты.
Фестиваль окуу жайлардын студенттерин көркөм чыгармачылык менен тааныштыруу, улуттар аралык байланышты бекемдөө максатында өткөрүлдү.
Катышуучулар Кыргызстанда жашаган элдердин бийлерин, ырларын, музыкалык чыгармаларын аткарышты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом