Бишкекте франчайзинг боюнча форум өтөт

Бишкекте франчайзинг боюнча форум өтөт

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда 3-декабрь күнү франчайзинг боюнча форум өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чара BIZ Franchise консалтинг компаниясы тарабынан министрликтин колдоосу менен өткөрүлөт.

«BIZ Franchise – франчайзинг чөйрөсүндө кызматтардын толук спектрин көрсөтүп — франчайзингдерди иштеп чыгуу/пакеттөө/сатуу/колдоону көрсөткөн Кыргызстандагы биринчи консалтинг компаниясы. BIZ Franchise миссиясы Борбор Азияда франчайзинг маданиятын өнүктүрүү болуп саналат. Анын негизги максаты — ийгиликтүү компанияларга франчайзинг бизнесин кеңейтүүгө жардам берүү болуп эсептелинет», — деп билдирет министрлик.

Алдыда боло турган иш-чарага 1500дөн ашык адам катышат. Форум франчайзинг маданиятын, жаштардын ишкердигин, этностор аралык мамилелерди, технологияны экспорттоо деңгээлин жогорулатуу, бизнес-туризм тармактарын өнүктүрүү болуп эсептелет.

«Форумдун программасында франчайзинг жана бизнес кызматтары жаатындагы мүмкүнчүлүктөр, ишкерлер үчүн гранттык программалардын презентациялары, нетворкинг жана эл аралык аренадагы белгилүү спикерлердин презентациялары көрсөтүлөт. Кыргызстанда франчайзинг тармагын өнүктүрүү экономиканы калыбына келтирүүгө жана чакан жана орто бизнести колдоого олуттуу салым кошо алат. Франчайзинг өтө чоң социалдык мааниге ээ, анткени ал кыска убакыттын ичинде Кыргызстан үчүн миңдеген жумушчу орундарын түзө алат жана өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга мультипликативдик таасирин тийгизет», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>