Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндөгү №370-дарегинде жайгашкан жаны салынып бүткөн көп кабаттуу үйдүн лифти кулуп, ичиндеги киши каза болду. Маалыматты шаардык ички иштер башкармалыгы ырастады.
Маалыматка караганда, кырсык 4-октябрда болгон.
Каза болгон адам 39 жаштагы Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын тургуну экендиги аныкталды. Ал акыркы эки айдан бери көп кабаттуу үйдүн лифтин оңдоп иштеп жүргөн. Анын артында 3 баласы калды.
Милиция кырсыктык чоо-жайын аныктоодо.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз