Ата-энелер фонду жоюлду. Бирок каалоочулар мектепке жардам бере алат

Ата-энелер фонду жоюлду. Бирок каалоочулар мектепке жардам бере алат

Республикалык бюджеттен мектептердин кошумча чыгымдарына 101 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Ал ата-энелер фонду президенттин жарлыгы менен жоюлганын белгиледи.

Аткаминердин айтымында, фонддун чыгымдарын бюджеттен камсыздоо чечими кабыл алынды.

«Минималдык эсеп менен 101 миллион сом талап кылынат экен. Быйылкы жылга 50 миллион сом бар», — деди ал.

Догдуркүл Кендирбаеванын бирок калоочулар мектептерге өз ыктыяры менен жардам көрсөтө аларын айтты.

«Мен өзүм №61 мектептин камкордук кеңешинин мүчөсү болом. Мектепке казначейства аркылуу жардам бергенге эч ким тыюу салбайт», — деди ал.

Министрдин милдетин аткаруучу учурда шаардагы мектептерди кароолчу менен камсыз кылуу маселеси чечиле электигин маалымдады.

«Шаардагы мектептерге кароолчу керек. Аны мэрия менен сүйлөшүп, балким санариптештирүү алкагында чечебиз», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>