Жоолукчан мектеп окуучулары. Жаңы министрдин пикири

Жоолукчан мектеп окуучулары. Жаңы министрдин пикири

Жоолук — окуучулардын билим алуусуна тоскоол болбошу керек. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Аткаминердин айтымында, жоолук салынган мугалимдер менен окуучуларга эч кандай чектөө  болбойт.

«Конституция боюнча эркиндик укуктарыбыз бар. Билим алууга жана билим берүүдө дагы эч кимде өксүк болбошу керек. Жоолук салынсын, бирок жүзүн жаппай, окуу процессине жолтоо болбошу шарт», — деди ал.

Догдуркүл Кендирбаева мектеп формасын ата-энелер комитети аныктарын белгилеп өттү.

«Окуучулардын формасы боюнча Билим берүү министрлиги, мамлекеттик органдар тарабынан эч кандай жазалоо талабы жок. Болгону кийим ыңгайлуу жана баарынын мүмкүнчүлүгү жете ала тургандай, компромисстүү вариант болушу абзел», — дейт министрдин милдетин аткаруучу.

Белгилей кетсек, диний ишенимине ылайык жоолук салынган мектеп окуучуларына байланыштуу ар кандай чыр-чатактар кездешет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>