Ошто «Матиз» кафени сүзүп, өспүрүм кыз жабыркады

Ошто «Матиз» кафени сүзүп, өспүрүм кыз жабыркады

Ошто жол кырсыгынан 17 жаштагы кыз жабыркады. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 29 – ноябрда саат 1:30дар чамасында Ош шаарында болгон. Анда 20 жаштагы К.А. аттуу жигит «Матиз» үлгүсүндөгү автоунаанын рулуна ээ боло албай,  жол жээгиндеги «Изюм» кафесинин капталындагы тактайчаны сүзгөн.

Анын натыйжасында жүргүнчү катары бара жаткан 17 жаштагы кыз жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Учурда жол кырсыгын териштирүү иштери жүрүүдө.

Тэги: ДТП матиз Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>