Ошто милиционер жаранды кылмыш жообуна тартам деп 100 миң сом талап кылган

Ошто милиционер жаранды кылмыш жообуна тартам деп 100 миң сом талап кылган

Ош облусунда милиция кызматкери пара опузалоого шектелип кармалды.  Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ИИМдин Ички иликтөө кызматына К.Р. аттуу жаран кайрылып, милиция кызматкери «мал уурдоо фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартам» деп коркутуп, 100 миң сом опузалап жатканын билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

25-июлда Кара-Суу райондук милициянын кызматкери М.А. 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

ИИМ милициянын катарын паракор, мыйзам бузган кызматкерлерден тазалоо иштери уланып жатканын билдирди.

Чүйдө тергөөчү жаранды кылмыш жообуна тартам деп 50 миң сом талап кылган

Тэги: ИИМ Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>