Ишеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгиленди
Ошто милициянын майору пара менен кармалды (видео)
20.05.2022 | 10:41
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери 1500 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 18-майында Кара-Суу районунун аймагында көрсөтүлгөн сумманын 20 миң сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алып жаткан жеринен Ош ШИИБдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын майору К.Т.Т. кармалды. Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө амалдар уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом