Ошто мончодон кеч чыкканы үчүн күйөөсү жубайын унаа менен сүздүрүп, сүйрөп кеткен

Ошто мончодон кеч чыкканы үчүн күйөөсү жубайын унаа менен сүздүрүп, сүйрөп кеткен

Ош шаарында мончодон кеч чыкканы үчүн күйөөсү жубайын унаа менен сүздүрүп, сүйрөп кеткен. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, келин 16-февраль күнү саат 13:00дө мончого чыгып кетип, кечки саат 18:00дө кайткан. Кечиккенинин себебин дем алыш болгондуктан, унаалар аз жүрүп кичиавтобусту күтүүгө убакыт кеткенин билдирген. Жолдон келе жатканда алдынан күйөөсү унаасы менен тосуп чыгып, машинасы менен сүзгөн. Андан соң унаасына сүйрөп аял жыгылып калганда, айдап кеткен. Келин мончого бирге барган курбу кыздарын чакырып, алар жабырлануучуну ооруканага алып келишкен.

Учурда жабыркаган келин Ош шаардык ооруканасында дарыланууда. Дарыгерлердин айтымында ал башынан жаракат алган.

Белгилүү болгондой аял буга чейин дагы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып келген. Ал жолдошу менен ажырашып кайра жарашышкан.

Жабырлануучу 45, жолдошу 43 жашта, экөө тең Кара-Суу районунун тургундары. Бирок окуя Ош шаарында Жапалак айылында катталды. Кылмышка шектүү кечээ камалды.

Ош ШИИБи бул фактыны КЖБРге каттоого алып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>