Ошто рейд учурунда түнкүсүн көзөмөлсүз жүргөн 74 өспүрүм аныкталды

Ошто рейд учурунда түнкүсүн көзөмөлсүз жүргөн 74 өспүрүм аныкталды

Ош облусунда рейд учурунда түнкүсүн көзөмөлсүз жүргөн 74 өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош облустук милициянын жашы жете электер менен иштөө
инспекциясы өспүрүмдөрдүн укук бузууларын алдын алуу максатында түнкү рейд
өткөрдү. Иш-чара Ош облусунун бардык райондорунда өткөн.

Анын жүрүшүндө бильярд ойноочу жайлар, компьютердик
клубтар, эс алуучу бактар, кафелер текшерилген. Натыйжада чоң адамдардын көзөмөлүсүз жүргөн 74 жаш өспүрүм аныкталган.

Иш-чаранын жыйынтыгында аларга укук бузууларды алдын алуу боюнча
түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелерине эскертүүлөр берилген.

Мындан сырткары, аталган балдар окуган берүү мекемелери аныкталып, тиешелүү каттар жолдонгон.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>