Ошто шайлоо урнасын уурдоого шектелген жарандар кармалды

21.10.2025 | 12:00

Араван районунда шайлоо урнасын уурдаган деген шек менен эки жаран кармалды. Буо тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, 14-октябрь күнү Араван райондук милициясына Маңгыт айылындагы мектептердин биринен шайлоо жабдуулары уурдалганы тууралуу билдирүү түшкөн. Белгисиз адамдар 1 компьютерди, 2 принтерди, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн орнотулган 1 электрондук урнаны жана бюллетень эсептөөчү баштыкты алып кеткен.

Бул факт катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Ички иштер кызматкерлери коомдук жайларга орнотулган видеокамералардын жазууларын талдап, кылмышка шектүү болгон унааны жана анын ээлерин аныкташкан.

Натыйжада 2001-жылы жана 2002-жылы туулган эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Scroll to Top