Ошто соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкери пара менен кармалды

Ошто соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкери пара менен кармалды

Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкери түрк жаранынан 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган борбордун кызматкери Э.Ж.М. Түркиянын жараны Ч.А.А.дан каза болгон уулунун сөөгүн берүү процессин тездеткендиги үчүн 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылгандыгы аныкталган.

1-апрелде Э.Ж.М. аталган экспертиза борборунун имаратында 100 миң акча каражатын алгандан кийин кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Белгилей кетсек, 19-мартта Өзгөн районунун Баш-Дөбөн айыл аймагынын Көк-Таш тилкесинде 30 жаштагы Түркиянын жараны Ч.А.С.нын жансыз денеси табылган. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 33 жаштагы Өзбекстанда туулган Д.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми дагы бир 45 жаштагы шектүү Д.М. издөөгө алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>