Ошто тергөөчү сабалып, комага түшкөнү кабарланды. 4 шектүү кармалды

Ошто тергөөчү сабалып, комага түшкөнү кабарланды. 4 шектүү кармалды

Ош шаарындагы түнкү клубдун алдында тергөөчүнү сабоого шектелген 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, 9-сентябрга караган түнү саат 02:00дордо шаардагы Sky bar түнкү клубунун алдында 28 жаштагы К.М. аттуу жаран сабалып, бул тууралуу милицияга кабарланган.

Бул окуя боюнча териштирүү иштери башталып, сабалып ооруканага түшкөн жаран Кара-Суу райондук милициясынын тергөөчүсү (К.М.) экендиги аныкталган. Анын алган жаракаттарын аныктоо максатында экспертиза дайындалган.

Ошондой эле окуя боюнча күбө катары эки милиция кызматкери суралган.

Илкитөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 4 жаран: 22 жаштагы Т.У., 21 жаштагы А.А., 23 жаштагы К.А. жана К.Э. кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Ошондой эле бул окуя боюнча ИИМдин Оштогу Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.

Буг чейин «Турмуш» басылмасы жазгандай, Ошто түнкү клубда эки тергөөчү сабалып, бири комага түшкөн. Кара-Суу райондук милициясынын 2 тергөөчүсү тойдон кийин Sky bar клубуна барган. Ал жерден эс алып отурган жарандар менен пикир келишпестиктен улам мушташып, бири сабалып, ооруканага жеткирилген. Ооруканага жаткырылган тергөөчү комага түшкөн.

Окуядан кийин 14 киши милицияга жеткирилип, Наркологиядан текшерүүдөн өткөн. Алардын төртөө камакка алынган.

Тэги: ИИМ Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>