«Бала ырысы» жөлөк пулун алуучулардын саны октябрь айында 252,7 миңге жеттиГрузиядан алдамчылыкка айыпталган эки адам Кыргызстанга экстрадицияландыИлгиз Тапаев «Учкун» ААКтын башкы директору болуп дайындалдыБишкекте жашылдандыруу маселесине арналган Экологиялык кеңештин ачык жыйыны өтөтКР жогорку окуу жайлары карыз үчүн диплом жана аттестаттарды кармап калууга укуксуз — акыйкатчыБишкектин айрым көчөлөрүндө 7-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан жорго салышта алтын менен коло утту
13.09.2024 | 16:20
Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жорго салыш жарышында Кыргызстан 1 алтын менен 1 коло утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Жорголор 9 чакырымга жарышып, Чубак Жайлообек уулу Чиксон Лок аргымагы менен 1-орунду ээледи. Аттын ээси – Жаныбек Карыпбеков, саяпкери – Чубак Жайлообек уулу.
Ал эми 3-орунга Нурэл Иранов Императрица аргымагы менен татыды. Аттын ээси – Өмүрбек Бабанов, саяпкери – Чубак Жайлообек уулу.
Мелдешке 18 чабандес катышты.
Курама команда машыктыруучулар Мирзат Шүгүралиев, Самаган Бейшеналиев, Уланды Султанбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом