Ошто тургундан акча опузалоого шектелип кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 27 жаштагы К.А. уулу жана 28 жаштагы Ч.Ж. уулу аттуу жарандар Кара-Суу районунун А.С. аттуу тургунун коркутуп, 30 миң сом опузалаган. Ошондой эле ай сайын 15 миң сом берип турууну талап кылган.
29-июнда шектүүлөр Ош шаардык милиция жана УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.
«Учурда кылмыштын уюштуруучусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп билдиришти УКМКдан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз