Балага эненин атын фамилия кылып берүүгө расмий уруксат берилди

Балага эненин атын фамилия кылып берүүгө расмий уруксат берилди

Кыргызстанда 16 жашка чыккан балдарга энесинин атын фамилия кылып берүүгө расмий уруксат берилди. Бул боюнча Конституциялык соттун соттук коллегиясы чечим чыгарганын активист Алтын Капалова өз баракчасында билдирди.

Анын айтымында, Конституциялык соттун коллегиясы 16 жашка чыккан балдар үчүн матчество институтун өнүктүрүү зарылдыгын тааныды.

Капалова Конституциялык соттун соттук коллегиясынын чечиминде эки пункт бар экенин айтты. Биринчи пункт ар бир бойго жеткен кыргызстандык атасынын атын эмес, энесинин атын ала алат дегенге байланыштуу.

«Конституциялык соттун токтому: Министрлер Кабинети талашып жаткан нормаларды текшерүүнүн алкагында табылган укуктук боштукту толтурууга багытталган, колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө теңдиктин принциптерин бузуу жана жынысы боюнча басмырлоого тыюу салуу үчүн тандоого жөндөмдүү бала атасынын же апасынын атын алганга институт тандоо укугун берет. Чечим акыркы болуп саналат.

Даттанууга жатпайт. Жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар ​​үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш. Бул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларына, Конституциялык соттун веб-сайтына жарыялансын”, — деп жазылган Конституциялык соттун чечиминде.

“Башкача айтканда, эненин атын бойго жеткен ар бир адам ала алат. Бул чечими үчүн  Конституциялык сотко ыраазычылык билдирип, жакында паспорт алганы бара турган 16 жаштагы уулум Капалов Данияр Алтыновичти куттуктайм. Мени өзгөчө Конституциялык соттун «матчество институту» деген сөзү кубандырды», — деп жазды Капалова.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>