Кыргыз эл сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаев дүйнө салды

Кыргыз эл сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаев дүйнө салды

86 жаш курагында Кыргызстандын эл сүрөтчүсү, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү театр сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Макен Сыдыкбаев 1937-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кытай айлында туулган.

1958-жылы. С. А. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, ал эми 1964-жылы В. И. Суриков атындагы Москва мамлекеттик академиялык көркөм сүрөт институтун бүтүргөн. Студент кезинен эле сүрөт өнөрүнө кызыккан Макен Сыдыкбаев 1975 — жылы Улуу Октябрь революциясынын 40 жылдыгына арналган республикалык сүрөт көргөзмөгө катышып, чыгармачылыкка аралаша баштаган.

Эмгек жолун 1964-жылдан тартып Мамлекеттик орус драма театрында сүрөтчү-коюучу болуп иштөөдөн баштаган.

1969-1994 –жылдар аралыгында Кыргыз мамлекеттик драма театрында сүрөтчү-коюучу, башкы сүрөтчү, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера балет театрында сүрөтчү- коюучу, башкы сүрөтчү, 1967-1975-жылдар аралыгында С.Чуйков атындагы көркөм окуу жайында жана 1994-жылы И. Арабаев атындагы Мамлекеттик педагогикалык университетинде мугалим болуп иштеген.

Эмгек жолунада СССРдин курамындагы бүтүндөй ири шаарларга чыгармачылык гастролдордо, стажировкаларда жана 1973-жылы Москвада өткөн СССР сүрөтчүлөр съездинин жана 1981-жылы Германияда өткөн алтынчы эл аралык театр сүрөтчүлөрүнүн жана архитекторлор конгресинин делегаты болгон.

Ал «Кызыл жоолук жалжалым» (Ч. Айтматов), «Эжелүү-сиңдилүүлөр» (А. П. Чехов), «Манастын уулу Семетей», «Айкөл Манас», «Сейтек» (Ж. Садыков), «Ак боз ат» (Ш. Садыбакасов), «Төрт адам» (М. Байжиев), «Алтын кыз» (В. А. Власов), «Кармен» (Ж. Визе), «Курманбек» (Н. Давлесов), «Отелло» (Ж. Верди) жана башка көптөгөн спектаклдерди көркөмдөгөн. «Заводдун короосунда», «Жаандан кийин», «Күз», А. Малдыбаевдин портреттери жана башка живопистик эмгектери бар.

Үзгүлтүксүз чыгармачылыктагы жолу жана кесипкөйлүгү аркылуу ал СССР сүрөтчүлөр союзунун, СССР театр ишмерлер союзунун жана Кыргыз ССРнин театр ишмермелер союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Макен Сыдыкбаевдин эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, Кыргыз ССРнин Жогорку Президимунун жана СССР Маданият министрлгинин ардак грамоталары, СССР Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн коло медалы, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер жана КРнын эл сүрөтчүсү ардактуу наамдары ыйгарылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>