Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болот
Ошто УКМК тургундан акча опузалаган милиционерди кармады
27.09.2023 | 16:50
Ош облусунун Араван райондук милициясынын кызматкери акча опузалап алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМКнын маалыматы боюнча, кармалган милиция кызматкери (К.Ж. уулу) 21-сентябрда эки жаранды иш бөлмөсүнө чакырып, Араван районундагы дүкөндөрдүн биринен 26 миң сомдук азык-түлүк уурдалганын, алардын бири “шектүү” экенин айтып, ишти токтотуу үчүн 31 миң сом акча опузалаган. Ал кылмыш жообуна тартам деп коркутуп, күч колдонуп 19 миң сом алган. Бирок аталган иш боюнча арыздануучу болгон эмес.
25-сентябрда аталган милиция кызматкери 12 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.
Учурда милиция кызматкери убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз