Президент Жапаров Германияга сапар менен барат

Президент Жапаров Германияга сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров Берлинде биринчи жолу өтө турган «Германия — Борбор Азия» саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Аталган саммит 29-сентябрда өтөт.

«Мамлекет башчысы федералдык канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анын жүрүшүндө кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде экономикалык өз ара кызматташууну кеңейтүүнү, экология жана климаттын өзгөрүшү маселелерин талкуулоо пландаштырылууда», — дейт Азымбакиев.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Борбор Азия лидерлеринин Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, ошондой эле «Германия экономикасынын Чыгыш комитети» герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен болгон биргелешкен жолугушуусуна катышат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>