Ош шаарында жасалма документтерди жасоого жана ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип жактоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык. 1-апрелде Ош шаардык милиция бөлүмүнө А.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 2024-жылдын январь айында “Э.” аттуу жактоочу Ош шаарындагы окуу борборуна лицензия алып беремин деп, 222 миң 800 сом акчасын алып алдап кеткенин айткан. Мындан сырткары 2024-жылдын февраль айында жактоочу андан жашы жете элек балдарына атасынын уруксааты жок өлкөнүн аймагынан чыгарууга соттун чечимин алып беремин деп, 4 миң 800 сом акча алып соттун жасалма чечимин бергенин билдирген.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы жактоочу аталган акча каражаттарын алгандан кийин, тийиштүү лицензияны алуу боюнча жана сот органдарына кайрылуу боюнча эч кандай иш алып барган эмес. Жактоочу арыздануучуга Билим берүү жана илим министрлигинин жасалма буйругун, лицензиясын жана Ош шаардык сотунун жасалма чечимин жиберип, акчаны өзүнө ээлеп алгандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (документтердин жасалмасын жасоо) менен Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон.
Мындан сырткары жогоруда аты аталган жактоочуга карата башка жарандан арыз келип түшкөн. Анда арыз жазган жаран 2024-жылдын 20-июлунда Ош шаарынын аймагындагы «Э.» аттуу жактоочу А.Т. жана К.О. аттуу жарандар менен биргеликте УКМКнын Ош шаары жана Ош облусту боюнча башкармалыгы тарабынан ага карата козголгон кылмыш ишин бүтүрүп беребиз деп ишендирип, 16 миң 000 доллар акчасын алып, бирок тергөөдөгү кылмыш ишин бүтүрбөстөн ар кандай шылтоолорду айтып алдап жүргөндүгүн билдирген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөөнүн жүрүшүндө, жогорудагы кылмыштарга шектүү М.Э. кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Ошондой эле Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
М.Э. жашаган жерин тинтүү учурунда Ош шаарынын жана Ош облустук соттордордун 27 даана токтому, бир ноутбук жана 2 даана такталбаган үлгүдөгү курал жана “Редми” үлгүсүндөгү уюлдук телефону алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Азыркы учурда М.Э. аттуу жаран ушул сыяктуу башка кылмыштарды да жасоого шектелүүдө. Тергөө иштери улантылууда.