Ош облусунда 32 жаштагы жаран уурулукка шектелип кармалды. Ал унаа, акча жана буюмдарды уурдап жүргөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.
Маалыматка ылайык, 17-февралда Кара-Суу райондук милицияга Савай айылынын 58 жаштагы тургуну кайрылып, анын үйүнө белгисиз жаран кирип, 100 миң өзбек сумун уурдап, андан кийин короосунда турган «Хундай Аванте» унаасын айдап качканын билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында 24-февралда шектүү катары Өзгөн районунун 30 жаштагы А.С. аттуу тургуну кармалып, камакка алынган. Шектүү уурдалган унаага Орусиянын мамлекеттик номерин тагып алып жүргөндүгү аныкталган.
Милиция билдиргендей кармалган жаран дагы 9 адамдын батирине кирип, ар кандай буюмдарды уурдап кеткен. Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Учурда шектүүнүн дагы башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.