Боом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелетБишкекте соцмекемелердин дээрлик бардыгы, ал эми турак үйлөрдүн 77–80%ы жылуулукка кошулдуАла-Арча суу сактагычынын жанынан жырткыч куштарды мыйзамсыз кармагандар аныкталдыКасымалиев чек ара жаңжалынан жабыркагандардын турак жай маселелерин толук чечүүнү тапшырдыКазакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга келдиКыргызстанда тогуз айда жол кырсыктарынан 572 адам каза болду, анын 88и жаш балдар
Бишкектеги эки конушта 6-мартта суу өчүрүлөт
04.03.2025 | 15:21
Бишкек шаарынын “Ала-Тоо 1” жана “Ала-Тоо 2” конуштарында 6-мартта таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Суу саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, бала-бакчаларда, ооруканаларда жана өнөр-жай объекттеринде жок болот.
Суу түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
“Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом