Ошто жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр, азык-түлүк таратылды

Ошто жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр, азык-түлүк таратылды

Ошто жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр, азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, кар эрте түшүп, айрым даярдыгы жок муктаж үй-бүлөлөрдүн кыйынчылыктарын жеңилдетүү максатында Ош шаарында атайын кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулган.  Анда Ош шаарындагы «Имам Хасан» мечитинин имам хатиби Анасхан ажы Ташхужаевдин демилгеси менен жардамга муктаж 15 үй-бүлөгө көмүр жана азык-түлүк тапшырылган.

Анын алкагында 5 тонна 350 кг көмүр, 300 кг ун, 400 кг картошка, 60 литр өсүмдүк майы, 60 кг макарон жана атайын даярдалган отун таратылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>