Ош шаарында А.Навои көчөсүндө жайгашкан борбордук базар 20-январда жабылат. Бул тууралуу мэриядан эскертишти.
Аталган убакытка чейин соодагерлер Б.Осмонов көчөсүндө салынган жаңы муниципалдык борбордук базарга көчүп барышы керек. Болбосо 20-январдан тарта эски базарда электр энергиясы, таза суу жана башка коммуналдык тейлөөлөр токтотулат.
«Учурда базардын ордуна эс алуу багын куруу долбоору даярдалууда. Ага чейин курулуштарды жана соода түйүндөрдү алып салуу, көчүрүү, санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, долбоорду ишке ашырууга даярдыктар көрүлөт«, — деп айтылат маалыматта.