Ала-Бел ашуусуна кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылдыДастан Бекешев мопеддерге коюлган жаңы талаптардан улам курьерлердин массалык жумушсуз калуу коркунучун эскерттиЧек ара кызматында жаңы орун басарлар дайындалдыКөпчүлүк аймактарга кар жаайт: 11-мартка карата аба ырайыАскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленет
Оштогу каналдан изделип жаткан жарандын сөөгү табылды
26.04.2023 | 14:54
Ош шаарындагы каналдан изделип жаткан жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын Аношина көчөсүндөгү турак үйдүн алдынан Яккалик каналына белгисиз адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 26-апрелде түшкөн.
Жерине саат 00:50дө Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, каналдагы суунун деңгээли жогору болгондуктан, издөө иши убактылуу токтотулган.
Бүгүн таң эрте издеп-куткаруу иштерине Ош шаардык Куткаруу кызматынан 7 адам тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында 35-40 жаштагы славян улутундагы (аты-жөнү такталууда) адамдын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом