Маршруткадан 50 миң сом салынган капчык уурдагандар кармалды

Маршруткадан 50 миң сом салынган капчык уурдагандар кармалды

Бишкекте уурулукка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу 26-апрелде Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жабырлануучунун айтымында, 17-апрелде кичи автобуста анын капчыгын уурдап кетишкен, анын ичинде 50 миң сом болгон. Кылмыш болжол менен Эркиндик бульвары менен Киев көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») менен каттоого алынган.  Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган Т.И., жана 2005-жылы туулган К.А. кармалган. Алардан далил буюмдар табылган. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга да катыштыгы бар экени аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>