Оштогу Кең-Сай конушуна таза суу менен электр энергиясы берилди

Ош шаарына караган Кең-Сай конушуна электр жарыгы толугу менен берилип, таза суу чыгарылды. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, конушка электр энергиясын берүүнүн алкагында 150 электр мамычасы орнотулуп, СИП тибиндеги электр кабелдери тартылган. Ошондой эле 4 жаңы трансформатор коюлган.
Мындан тышкары аталган конушка таза суу жеткирүү үчүн жалпы узундугу 7,1 метр болгон полиэтилен суу түтүктөрү тартылган. Көлөмү 600 м³ болгон жаңы суу кампасы курулган.
“Кең-Сайга таза суу берүү иштери 15 жыл мурун башталып, бирок ишке ашпай токтоп калган. Мэрдин тапшырмасы менен 6 ай ичинде конуштун таза суу маселеси чечилди”,- деп билдирди мэрия.
Мэр Жеңишбек Токторбаев Кең-Сайга барып, электр жарыгын жана таза суу берүү иштерин текшерген. Андан кийин конушка көчөт отургузуу иш-чарасына катышкан. Иш-чарада жалпы 1 миң 100дөн ашуун кайрагач, павловния, чынар жана ясень көчөттөрү эгилген.