Оштогу өзгөрүү. Жаңы мэр кандай иштеп жатат?
3000 миң жылдан ашуун тарыхы, бүткүл Борбор Азия боюнча таанымал болгон Сулайман-Тоосу бар Ордолуу Ош шаары эгемендиктен бери өз башынан көптөгөн өзгөрүүлөрдү өткөрдү. Мындан туура 15 жыл мурда 2010-жылы өзбек-кыргыз коогалаңында шаар дээрлик талкаланган. Андан бери бир канча калаа башчысы алмашты. Көпчүлүгү шаарды өнүктүрүүгө, өзгөртүүгө аракет кылганы менен анчейин көзгө көрүнөрлүк иш аткарылган эмес. Жыл өткөн сайын адамдын саны көбөйүп, шаар тарыгандан тарып бараткан. Чоң көчөлөр кичирейип, улам колунан келгени кызыл сызыкты басып алып курулушун куруп ансыз да тар көчөлөрдү тарытып отурганы сыр эмес.

2025-жылдагы кадрдык өзгөрүүлөрдүн алкагында Ош шаарынын жетекчилигине жаңы мэр дайындалып, кыска убакыттын ичинде шаар турмушунда олуттуу өзгөрүүлөр байкала баштады. Көпчүлүк эл бул өзгөрүүлөрдү интернет аркылуу гана көрүп, чынында Оштогу өзгөрүүлөр олуттуубу, мэрдин кылганы элге жагып жатабы же тескерисинче экенине так баа бере албай келет. “Reporter.kg” бул ирет Ордолуу Оштогу орун алып жаткан өзгөрүүлөргө жеринен баа берүү үчүн Ош шаарына келди. Демек, алдыда Ош шаары тууралуу саресепке назарыңызды бурабыз.

Алгач Ошко кире бергенде эле жаңы мэрдин кызматка келгенине 1 жыл убакыт боло элек болсо да, башка мэрлерге жана башка шаарларга салыштырмалуу аракети байкалат. Анын башкы демилгелеринин катарында – мыйзамсыз курулуштарды сүрдүрүү, базарларды шаар четине чыгаруу жана шаар мейкиндигин иретке келтирүү максатындагы “снос саясаты” азыр да тынымсыз жүрүп жаткан кез экен. Шаар ичинде кадимкидей курулуш жанданып, оңдолуп жаткан көчөлөр, сүрдүрүлүп жаткан мыйзамсыз курулуштар бизди ушул ойго жетеледи.

Снос. Мыйзамдуулукту орнотуубу же үстөмдүүлүкпү?
Жергиликтүү тургундар менен баарлашып көргөнүбүздө, Оштун борбордук бөлүгүндө жана стратегиялык аймактарында жүргүзүлүп жаткан курулуштарды бузуу иштери коомчулукта кайчы пикир жаратып жатканы байкалды. Ал эми мэрия бул кадамдарды мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөш катары түшүндүрүүдө. Биз баарлашкан айрым жарандардардын айтымында, бул чаралар шаар архитектурасын калыптандыруу жана инфраструктураны жакшыртуу максатын көздөйт.

Шаардын борборуна жеткенибизде айтылуу Ак-Буура дайрасынын боюнда жайгашкан айрым курулуштар буздурулуп жатканына күбө болдук. Сүрдүрүлгөн объектилердин арасында мурдагы бийлик өкүлдөрүнө тиешелүү болгон турак жайлар да бар. Бул көрүнүштү айрымдар “саясий тазалоо” катары бааласа, карапайым калк “мыйзам үстөмдүгүн орнотуу аракеттери” катары кабыл алышууда.

Борбордук жана унаа базарын көчүрүү идеясы. Жыйынтык кандай болду?
Ош шаарынын түштүк борборунда жайгашкан унаа базары жана борбордук базар сыяктуу ири соода түйүндөрүнүн шаар четине көчүрүлүшү жаңы мэрдин экономикалык жана шаардык саясатындагы чоң кадамдардын бири болду. Айрымдар бул чечимди кубаттаса, айрымдар (көбүнчө соодагерлер) бул чечимге каршы чыккан. Борбордук юазар шаардын чок ортосунда жайгашып, Ак-Буура дарыясынын бир бөлүгү юазарды аралап өткөндүктөн былтыр жазда орун алган сел учурунда базарга олуттуу зыян келгени жалпы элге маалым. Шаар жетекчилиги мында улам базарларды шаар четине чыгаруу чечимин тыгындарды азайтуу, санитардык абалды жакшыртуу жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алганын жар салган. Бүгүнкү күндө 2 базар тең курулуп бүтүп, ишке берилгенине күбө болдук.

Бирок, ишкерлер жана тургундар бул процесстин шашылыш жана жетиштүү даярдыксызжүрүп жатканын айтып, нааразы болушууда. Жаңы жайгашкан базарлардын инфраструктурасы, жол маселеси жана жүргүнчүлөрдүн жеткиликтүүлүгү азырынча толук калыптана электигин кошумчалашты.
Жаңы мэрдин өзгөчө стили эмнени билдирет?
Жаңы мэрдин башкаруу стили коомчулук тарабынан “катуу, бирок системалуу” деп мүнөздөлүүдө. Анын кадрдык саясатында да бир катар өзгөрүүлөр байкалды мурдагы администрациянын өкүлдөрүнүн айрымдары кызматтан алынып, жаңы, жаш кадрлар тартылды. Мындан сырткары мэриянын кызматкерлерине башында эле “кабинетте отуруп иштейм дегенди унуткула, ар бириңердин кабинетиңерди резина өтүк болсун, күндө көчө кыдырабыз” деп эскерткен. Ошондон тарта бүгүнкү күнгө чейин мэр, кызматкерлерди ээрчитип алып ар күнү таңкы 6 да шаарды кыдырып рейдге чыгуу салтка айланды. Рейд учурунда бир катар жарандар менен баарлашып, айрымдарына материалдык жардам да берди. Мындан улам коомчулукта “Оштун мэрин бизге бергилечи” деген тамашалар да пайда болду.

Ош шаары акыркы айларда инфраструктура, мыйзамдуулук жана санитардык тартип жаатында активдүү өзгөрүүлөрдү башынан кечирип жатат. Бул өзгөрүүлөрдүн таасири азырынча ар кандай, кээ бирлери мэрдин демилгелерин “чечкиндүү реформалар” катары сыпаттаса, башкалары “жергиликтүү бизнеске жана жарандарга оорчулук алып келген популисттик кадамдар” деп сынга алууда.

Ош шаарындагы азыркы өзгөрүүлөрдү баалоодо бир жактуу көз караш болбой калат деген жыйынтыкка келдик. Кээ бир мыйзамсыз иштерге бөгөт коюлганы кубантаарлык болсо да, чечимдердин ыкчам жана кээде коомчулук менен кеңешсиз кабыл алынышы нааразычылык жаратып жатка учурлар да бар.

Мэрдин аракеттеринин жыйынтыгы жакынкы айларда, шаардагы тыгындар азайса же экономикалык өсүш байкалса гана так баа берүүгө болот дешет серепчилер.
Ал эми жергиликтүү тургундардын ар бир экинчиси мэрдин карапайымдыгын, билек түрө ишке аралашып кеткенин жана костюм-шымды чечип коюп, көчөдө эл аралап жүргөнүнө ыраазы болуп жаткандарын белгилешти.