Бишкекте №37 жаңы автобус каттамы ишке кирдиЧет өлкөдө берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк «Санарип документтер» бөлүмүндө пайда болотОш шаарында студенттер үчүн 720 орундуу жатакана курулатМаксим Фадеев «Номад» триосунун аткаруусундагы Кыргызстанга арналган ыр чыгарды — кененирээкКыргызстан менен Казакстан аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү планын бекитиштиШайлообек Атазов сот аны толугу менен актаганын билдирди
Washington Post: Кытай АКШ менен болгон соода согушунда үстөмдүк кылууда
05.08.2025 | 17:45

Тышкы саясат боюнча америкалык аналитик Макс Бут Washington Post гезитине жарыялаган макаласында Кытай АКШ менен болгон соода согушунда жеңүүчү болуп жатканын билдирди.
Макалада айтылгандай, 2024-жылдын биринчи жарымында Кытайдын экономикасы орто эсеп менен 5,3%га өскөн, ал эми АКШнын экономикасы болгону 1,25%га гана өскөн.
Буттун айтымында, президент Дональд Трамптын бажы төлөмдөрүн жогорулатуу, илим жана дипломатия тармагына инвестицияны кыскартуу, ошондой эле иммиграцияга чектөөлөрдү киргизүү саясаты АКШны алсыратууда. Ошондой эле бир катар негизги технологиялар боюнча Америкадан озуп бара жаткан Кытайдын позициясын бекемдеп жатат.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар