БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Оштогу сейил бакта 18 жаштагы кызды зордуктоого шектелип эки өспүрүм кармалды
24.05.2022 | 12:23
Ош шаарында 18 жаштагы кызды зордуктоого шектелип эки адам кармалды, деп билдирет Ош шаардык милициясы.
Маалыматка караганда, шектүүлөр 17 жаштагы Н.И., жана Ю.М., аттуу жарандар экени аныкталган.
Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, шектүүлөр 17-майда саат 17:30дар чамасында жабырлануучуга Ош шаарынын эс алуу бактарынын биринде кол салып, күч колдонуу менен зордукташкан. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Алардын үстүнөн Кылмыш кодексинин 154-беренесинин белгилери менен иш козголуп, тергөө иштери уланууда.
Ош шаардык соту тарабынан шектүүлөрдү тергөө амалдары аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыгарылды.