Улуттук тарых музейи 2–5-октябрь күндөрү убактылуу жабылатКМШ өлкөлөрүнүн башкы прокурорлору чет өлкөдөгү активдерди кайтаруу боюнча тармак түзүштүКМШ өлкөлөрү коопсуздук чөйрөсүндө кызматташтыкты тереңдетүүдөКР Мамлекеттик салык кызматы компанияларга кызматкерлердин сервистерге кирүүсүн өз алдынча жөндөөгө шарт түздүБишкекте 5-октябрда мектептер жана бюджеттик мекемелер онлайн иштейт«Учур» театрынын «Чиркин өмүр» спектаклинин коюлушу 6-октябрга жылдырылды
«Кумтөрдүн» кирешесинин бир бөлүгү Нарын облусун өнүктүрүүгө которулат
24.05.2022 | 13:11
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКсына өткөн ай үчүн алынган дүң кирешенин 0,6 пайызын ай сайын айдын 10унан кечиктирбестен Нарын облусун өнүктүрүү фондунун мекемесинин атайын эсебине которуу сунушталсын. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Мындай чечим Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу максатында кабыл алынган. Буга чейин президент тургундар менен жолугушууда аймактарды өнүктүрүү фонду жана аны толуктоо үчүн каражат түзүлөрүн билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика