Оштогу «Т» жолунун бир бөлүгүн кеңейтүү үчүн 28 үй буздурулат

Оштогу «Т» жолунун бир бөлүгүн кеңейтүү үчүн 28 үй буздурулат

Ош облусундагы «Т» жолунун бир бөлүгүн кеңейтүү үчүн 28 үй буздурулат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү аталган жолдун 3,4 чакырымына асфальт төшөлгөн. Дагы 600 метр аралыгын төрт тилкелүү кылып салуу үчүн долбоор даярдалган. Ал жол Кара-Суу районунун Датка айыл аймагына карайт. Жолду кеңейтүү үчүн 28 жеке менчик үйдү бузуу пландалууда.

17-ноябрда министр Абсаттар Сыргабаев, облус башчысы Элчибек Жантаев турак үйлөрдүн ээлери менен жолугуп, жолду кеңейтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Алар түрттүрүлө турган үйлөр көз карандысыз адистердин баалоосунан өтүп, анын жыйынтыгы менен жарандарга кенемте берилерин айтышкан.

Бишкек — Ош жолунун Ош шаарына кире беришиндеги жолдун курулуш иштери былтыр декабрда башталган. Ал жол тилкеси «Т» формасына окшош болгону үчүн ушундай аталып калган. Бул жол пайдаланууга берилсе, шаар ичиндеги жол тыгыны азаят деп айтылууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ош Т жолу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>