Тажрыйба алмашуу, кызматташтыкты кеңейтүү: Бишкекте Казак медицинасынын күндөрү башталдыБашкы прокуратура оор жүк ташуучу унааларды өткөрүүдөгү коррупциялык схеманы аныктадыКыргызстанга дүйнөдө атаандаша ала турган муун керек — Садыр ЖапаровБыйыл Кыргызстанда 147 миңге жакын бала 1-класска кирүүдөКРдин Айыл чарба министрлиги АӨБдөн сууну жөнгө салуу бассейндерин курууга каражат сурадыБаланы чет өлкөгө чыгарууга макулдук берүү кээде шантажга айланууда — Дастан Бекешев
Кызыл-Кыяда сейил бактагы 70 сотых жерди 24 киши мыйзамсыз ээлеп алган
18.11.2024 | 10:38
Баткендин Кызыл-Кыя шаарында Молдо Кулмат атындагы сейил бакта 70 сотых жер мыйзамсыз ээлеп алынган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, аталган жерди 24 киши мыйзамсыз ээлеп алып, бир нече ирет эскертүү берилгенине карабай, талаптарды аткарбай келген. Жыйынтыгында мыйзамсыз ээлеп алынган жерлерге тургузулган курулуштар буздурулган.
Ошондой эле сейил бакка көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн Укук бузуулар кодексинин 434-беренесинин негизинде шаардык мэрияга жана анын муниципалдык менчик департаментине жалпы 26 миң сом айып салынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом