Reporter.kg MBANK кеңсесинин ишин баалады: Операторлор кантип иштейт жана алдамчылардан кантип коргошот?Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыкты
Оштон Орусияга уча турган жигиттин сумкасынан ок табылды
10.01.2024 | 22:51
Ош эл аралык аэропортунда жаш жигит ок-дарылар менен кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, 6-январь күнү Өзгөн районунун 2004-жылы туулган М.уулу Б. аттуу тургуну Орусияга учуп кетүүнү көздөп, бирок текшерүү учурунда сумкасынан гильза жана жез муундар (кастет) табылган.
Экспертиза табылган патрон АКС-74, АКС-74У, АК-74 автоматтарында жана РПК-74 автоматында колдонулган 5,45 калибрлүү экени аныкталган.
Бул факты боюнча “Куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Шектүү кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар