Эквадордогу башаламандыкта жабыркаган жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

Эквадордогу башаламандыкта жабыркаган жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

Эквадордун Кито шаарында уланып жаткан башаламандыкка байланыштуу кылмыштуу топтор менен Эквадордун укук коргоо органдарынын ортосундагы куралдуу кагылышуулардын натыйжасында полиция кызматкерлери жана жарандар арасында курман болгондор бар.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилигинин маалыматы боюнча каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок, ошондой эле Эквадордо консулдук каттоодо Кыргызстандын жарандары да жок.

2024-жылдын 8-январында Эквадордун президенти Д.Нобоа бүткүл өлкө боюнча 60 күндүк өзгөчө кырдаалды киргизүү жөнүндө жарлык чыгарды, анын ичинде 23:00дөн 05.00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Министрлик Эквадордун ичинде саякаттоону жана ушул убакта жалпы өлкөгө барбоону сунуштайт.

Ошону менен бирге Министрлик өзгөчө кырдаал жана шашылыш суроолор пайда болгон учурда Кыргызстандын жарандары Министрликтин Консулдук департаментинин: +996 999 312 002 жана элчиликтин: +1 202 256 2924 түз байланыш телефондоруна кайрылса болорун эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>