Оштон жоголгон өспүрүм кыз Бишкектен табылды

Оштон жоголгон өспүрүм кыз Бишкектен табылды

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургуну 19-декабрда 15 жашар кызы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып, арыз менен милицияга кайрылган. 

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иш-чаралары башталган.

Анын алкагында 29-декабрда Бишкектин Ленин райондук милициясы аталган өспүрүм кызды  борбор калаадагы “Ош” базардын аймагынан табышкан. 

Учурда бул окуя боюнча тийиштүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>