Оштун мэри Камчыбек Ташиев менен сүйлөшкөнүн айтып, акыркы окуялар боюнча пикирин билдирди

11.02.2026 | 17:57

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланышканын билдирип, анын кызматтан кетиши боюнча журналисттерге комментарий берди.

Мэрдин айтымында, Камчыбек Ташиевдин жүрөгүндөгү беш стенттин бири жылып кеткендигине байланыштуу, ал Германиядан дарылануу үчүн президент Садыр Жапаровдон 10-15 күнгө уруксат сураган. Жеңишбек Токторбаев мурдагы төрага өздүк курам менен расмий коштошо албай калгандыгына өкүнүчүн билдиргенин кошумчалады.

“Өздүк курам менен коштошо албай калдым, эң өкүнүчтүүсү ошол болду деп, бир аз таарынычын айтты го. Эми эки достун өз ара мамилеси да. Мен ойлойм, эми чакырып, өздүк курам менен сүйлөштүрсө керек, коштоштурса керек”,-деди ал.

Шаар башчысы Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин мамилесин «ажырагыс достор» деп атап, акыркы окуялар тууралуу кенен маалыматы жоктугун белгиледи. Ошондой эле, эгер президент тийиштүү чечим кабыл алса, кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди.

Эске салсак, 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматтарынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон.

Scroll to Top