Оштун мэри шаарга сырттан келген унаалардан акы алууну сунуштады

Оштун мэри шаарга сырттан келген унаалардан акы алууну сунуштады

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы калктын саны күндөн-күнгө өсүп жатканын эске алуу менен шаар инфраструктурасын жакшыртуу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Ошто 500 миңден ашык адам жашаса, жакынкы аймактардан келгендер менен бирге бул сан 800 миңден ашат. Күн сайын шаарга жакынкы жана алыскы аймактардан 56 миңге жакын унаа кирип чыгат. Алар жол тыгындарын жаратып, кырсыктарды жана абанын булганышын күчөтүүдө. Эгер алардан акы алынса бир жылда жалпы 3 млрд сомго жакын каражат жергиликтүү бюджетке келип түшөт» — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бул каражат кайра эле көйгөйлөрдү чечүү максатында “Ош жолдоруна инвестиция – келечекке кадам” демилгеси сунушталды.

Ага ылайык, башка аймактардан келген унаалар үчүн акы киргизилиши мүмкүн. Түшкөн каражатка мектеп, бала бакча, оорукана жана реабилитациялык борборлорду курууга, шаар инфраструктурасын жакшыртууга жумшоо максатталууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>