26-мартта Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу берүү токтотулатТажикстанда Нооруз фестивалынын алкагында ШКУ өлкөлөрүнүн жаштар форуму башталдыКыргызстан малдын кооптуу инфекцияларынан коргонуу үчүн ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүдөЖурналист Махабат Тажибек кызы эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде бошотулдуОш шаарындагы Ак-Буура дарыясынын 17 чакырымы таштандыдан тазалануудаЭнергетика министрлиги эки индиялык компания менен кызматташуу боюнча келишим түздү
Оштун мэри: Телактарыңарды калтыргыла! Жетекчилерге жан сакчыларсыз жүрүүнү тапшырды
15.07.2025 | 10:29

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев ачык асман алдында өткөн көчмө жыйында шаардагы мекеме жетекчилерине кайрылып, алардан жан сакчылар менен жүрүүнү токтотууну талап кылды.
Ал өз сөзүндө “Ош” базарынын жетекчиси Чыңгызга жана автобекеттин башчысы Нурланга кайрылып:
“Алды-артыңардан үч-төрт киши коштоп жүрөт. Телактарыңарды калтыргылачы! Силерге ким тиймек эле? Мен өзүм жан сакчысыз эле жүрөм”, — деди.
Токторбаев жетекчилерди жөнөкөйлүккө чакырып, коопсуздук маселеси ашыкча ашкере болуп жатканын белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы