ОшТВ телеканалына башкы директор болуп Маратбек Акимбеков дайындалды. Жаңы жетекчини Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы 29-сентябрда жалпы жамаатка тааныштырды.
Маратбек Акимбеков эмгек жолун ОшТВда кабарчы болуп баштаган. Буга чейин «7-канал», «Ош пирим» «Т-Медиа» каналында, «Ынтымак» медиада жана «Азаттыктын» аймактагы кабарчысы болуп иштеген.
Телеканалды буга чейин Керимбек Калыкулов жетектеген. Азырынча мурдагы жетекчинин кызматтан кетүү себеби белгисиз бойдон.