«Альянс Алтындын” жардамы менен Таласта жашаган аялдар медкароодон өтүүдө — сүрөт

«Альянс Алтындын” жардамы менен Таласта жашаган аялдар медкароодон өтүүдө — сүрөт

Таластын Бекмолдо айылында аялдар акысыз медициналык текшерүүдөн өтүшүүдө. Мындай мүмкүнчүлүктү  “Альянс Алтын” ЖЧКсы “Бакубат Талас” фонду менен биргеликте түзүп беришүүдө.

Кыргызстан калкынын арасында аялдарды онкологиялык оорулардан ичинен өлүмгө биринчилерден болуп кириптер кылган оору — эмчек безинин рагы илдетине карата текшерүүдөн өтүшөт.

Текшерүү заманбап маммограф орнотулган көчмө диагностикалык клиниканын жардамы менен жүргүзүлүүдө.

Медкароо 15 күнгө созулат, бир күндө 30дан ашык аял текшерүүдөн өтө алат, алардын ар бирине 15 мүнөттөн убакыт бөлүнөт. Иш-чара бүгүн, 29-сентябрда башталды.

Координатор Тынара Касымалиева маммология боюнча алгачкы көчмө текшерүү уюштурулуп жатканын белгиледи.

“Аймактарга эмчек бездерин текшерүү боюнча көчмө жабдуулар менен алгачкы ирет чыгып жатабыз. Бул иш башка региондорго да үлгү боло алат”, — деди ал.

Уюштуруучуларга президенттин Таластагы өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова ыраазычылык билдирди.

“Альянс Алтын” ишканасынын жардамы менен Талас облусунда жашаган аялдар медициналык көзөмөлдөн өтөт — сүрөт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>