«Ой-пикиримди айттым». Блогер Алтынай Джу УКМКдан сурак бергенден кийин чыкты

14.11.2025 | 17:01

Инстаграм-блогер Алтынай Джу, babskii_blog барагынын ээси, УКМКдан сурак бергенден кийин чыкты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы барактарында билдирди.

Эске салсак, аны коомдук жайлардын саат 22:00дон кийин иштешине тыюу салуу тууралуу пикирин айтканынан кийин УКМКга чакырышкан. Алтынай Джу видео кайрылуу жарыялап, мындай чектөө олуттуу экономикалык жана социалдык кесепеттерге алып келерин айткан.

«Достор, мен УКМКдан чыктым. Баары нормалдуу, баары жакшы. Мени ал жакта казашат окшойт деп ойлогом, бирок мени чакырып, оюмду угушту, балким мен кандайдыр бир альтернативалуу жолдорду көрүп жаткандырмын. Элге жок дегенде генераторлор менен иштөөгө уруксат бергиле деп сурандым. Ой-пикиримди айттым, идеяларымды сунуштадым, сөздөрүмдөн баш тартпайм дедим. Алар абдан достук мамиледе, компетенттуу жана тактичный болушту. Мен УКМКны жаман адамдар деп ойлочумун, бирок мага абдан жакшы мамиле кылышты. Тескерисинче, алар маселени чечүүнүн жолдорун издеп жатышат. Балким генераторлор менен, күн панелдери менен иштөөгө уруксат беришет. Жалпысы, чечим издеп жатышат, элдин оюн угуп, пикирлерди окуп жатышат. Мени тинткен жок, телефонду текшеришкен жок, адамча мамиле кылышты. Камерага кечирим сурабайм деп дароо айттым, анткени кечирим сурай турган эч нерсем жок. Алар да талап кылышкан жок. Жалпысынан баары адамча болду», — деди блогер.

Ошондой эле ал УКМКга адвокатсыз келгенин, анткени озунун айыбын сезбегенин жана кээ бирлери айткандай, өлкөдөн чыгып кетүүнү ойлобогонун белгиледи.

Scroll to Top