Бишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиШаардык сот Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарды
Өзбекстан Ноокатта селден жабыркагандарга 95 тонна гумжардам жөнөттү
04.07.2024 | 09:00
Өзбекстан Ош облусунун Ноокат районунда селден жабыркагандарга 95 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Гуманитардык жардамды 3-июлда коңшу мамлекеттин өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Санжарбек Зупаров баштаган делегация жеткирип келди. Анын ичинде ун, өсүмдүк майы, кумшекер жана башка азык-түлүктөр бар.
Эскерте кетсек, 28-июнда Ноокатта катуу жааган жаандын айынан сел жүргөн. Анын айынан 10 адамдын өмүрү кыйылды, алардын ичинде жаш балдар да бар. Ошондой эле үйлөрдү суу каптап, 10дой турак жай жараксыз абалга келди, көпүрөлөрдү сел алды.
30-июнда Кара-Кулжада унааны сел агызып, анын ичиндеги ата-эне эки баласы менен көз жумду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом