Өзбекстанда оорукана жарылып, бир кыргызстандык каза болду

14.02.2022 | 11:44

Өзбекстанда медициналык мекемеде жарылуу болуп, 1966-жылы туулган Кыргызстандын жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Андижан облусунун Шахрихан районундагы «Зитериа» жеке менчик медициналык-диагностикалык борборунда газ-аба аралашмасы 11-февралда жарылганы айтылган. Маркумдун сөөгү Кыргызстанга жеткирилди.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жардыруу фактысы боюнча Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 257-беренеси (эмгекти коргоо эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин “Озодлик” радиосу жардыруу жеке клиникада болуп, кеминде бир адам – ​​56 жаштагы бейтап каза болгонун билдирген. Каза болгон жарандын жарандыгы айтылган эмес. Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, жарылуудан өлгөндөрдүн саны 11ге жетти.

Scroll to Top