Кара-Балтада окуучулар ортосунда массалык мушташ чыкты

Кара-Балтада окуучулар ортосунда массалык мушташ чыкты

Кара-Балта шаарында мектеп окуучуларынын ортосунда массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганла, 13-февраль күнү саат 17:21 чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Балта шаарындагы стадиондо окуучу балдар мушташып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Кийинчерээк аймактык ооруканага денесинен жаракат алып, 15 жаштагы Д.А. нын келгени туурасында билдирүү болгон.

Бул факты Жайыл районунун ички иштер башкармалыгына катталды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Жайыл районундагы бир нече мектептердин 7-8-класстарынын окуучуларынын ортосунда мушташ чыккан. Натыйжада Д.А. аймактык ооруканага жеткирилген. Оорукана түшүп калган Д.А.нын апасы белгисиз адамдарга чара көрүү фактысы боюнча арыз менен кайрылган.

Учурда милиция кызматкерлери бул окуянын бардык катышуучуларынын өздүгүн такташты. Ушул тапта тергөө иштери уланууда. Материал боюнча экспертизалар дайындалды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>