Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Өзбекстанда жапайы жаныбарларды цирктерде колдонууга тыюу салынды
08.11.2024 | 12:23
Өзбекстанда жапайы жаныбарларды цирктерде колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин басылмалары жазды.
Өлкөнүн өкмөтү кабыл алган токтомго ылайык цирктерге жапайы жаныбарларды өздөрүнүн көрсөтүүлөрүндө колдонууга болбойт. Ошондой эле жарандарга жапайы жаныбарларды багып кармоого тыюу салынууда. Бул норма келерки жылдын башынан тарта иштей баштайт.
Жапайы жаныбарларды кармап жүргөн цирктер, жарандар аларды зоопарктарга же атайын бакма жайларга акысыз өткөрүп бере алат же сата алат. Эгер жапайы жаныбар Өзбекстандын аймагында жашаган жандык болсо, аны эркиндикке чыгарууга болот. Ал эми чет жактан алынып келген болсо, мыйзамда белгиленген тартипте чет өлкөгө чыгарууга уруксат берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом