Садыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылдыИлон Маск Трамптын Украинага жаңы президент шайлоо чакырыгын колдодуКыргызстанда беш жылда чекене соодадагы базарлардын үлүшү 38%дан 33%га чейин төмөндөдүЭр-Рияддын аэропортуна кол салуу: 12 адам каза болуп, 309у жаракат алдыКыргызстандын башчысы өлкөнүн түштүгүнө эки күндүк сапар менен барат — Аскат АлагөзовТаттуу түшүм: Кыргызстанда 650 миң тонна кызылча жыйноо пландалууда
Өзбекстанда жапайы жаныбарларды цирктерде колдонууга тыюу салынды
08.11.2024 | 12:23
Өзбекстанда жапайы жаныбарларды цирктерде колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин басылмалары жазды.
Өлкөнүн өкмөтү кабыл алган токтомго ылайык цирктерге жапайы жаныбарларды өздөрүнүн көрсөтүүлөрүндө колдонууга болбойт. Ошондой эле жарандарга жапайы жаныбарларды багып кармоого тыюу салынууда. Бул норма келерки жылдын башынан тарта иштей баштайт.
Жапайы жаныбарларды кармап жүргөн цирктер, жарандар аларды зоопарктарга же атайын бакма жайларга акысыз өткөрүп бере алат же сата алат. Эгер жапайы жаныбар Өзбекстандын аймагында жашаган жандык болсо, аны эркиндикке чыгарууга болот. Ал эми чет жактан алынып келген болсо, мыйзамда белгиленген тартипте чет өлкөгө чыгарууга уруксат берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом