Өзбекстандын курулуш министри Шерзод Хидоятов баштаган делегация Бишкекке келди

01.08.2025 | 10:02

Кечээ Бишкек шаарына Өзбекстандын Курулуш жана Турак жай-коммуналдык чарба Министри Шерзод Хидоятов жетектеген делегация расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдады.

Өзбек делегациясы Кыргызстандын курулуш тармагындагы биринчи мамлекеттик орган түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышуу үчүн келген. Мааракелик иш-чара 1-августта өтөт.

Сапардын алкагында Кыргызстандын Курулуш Министри Нурдан Орунтаев өзбек кесиптештери менен жолугушуп, борбор калаадагы бир катар курулуш объектилери менен тааныштырды. Ошондой эле тараптар курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба тармагындагы эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөө жана өнүктүрүү багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландап жатышат.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top